Жөлөкпул берүү тартиби өзгөрөт - Т-медиа

Жөлөкпул берүү тартиби өзгөрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков «мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.

“Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамындагы өзгөртүүнүн максаты – жөлөкпул ала турган үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсептөөдө алар менен чогуу жашаган ата-энесинин пенсиясын эсепке албоо.

Ал 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Буга чейинки мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген жана мыйзамдар техникасы сакталбай калганы ачыкталган. Мыйзамдын 1-беренесинин укуктук жобосунда пенсия үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине киргизилип, пенсияны эсепке албастан аныкталары жөнүндө ченем камтылбай калган.

Былтыр күчүнө кирген «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү» мыйзам июлдан тартып иштей баштаган. Ал эми жаңы редакцияланган мыйзам 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо