Арктиканын суугу АКШны каптай баштады



АКШ акыркы 25 жылдын эң суук күндөрүн өткөрүүдө. Абанын температурасы нөлдөн төмөн болгон Түндүк Дакотада -24, Миннесотада -18, Висконсинде -14, Лоуада -12 градуска чейин төмөндөдү. Иллионис аймагына караштуу Чикагодо абанын температурасы   – 44 градус цельсия.

Чикагодо, Индианада жолдорду кар каптап, автокырсыктан 2 киши каза болгон. Милуоки, Детройт жана Экорстеде 3 киши көчөдө тоңгон.

Аймактагы ашыкча сууктан улам Чикаго дарыясында муз тоңуп, шаарда бардык поезд каттамдары токтотулду. Шаарда үйсүздөр үчүн ачылган ысынуу борбору 800гө жакын адамды кабыл алды.

Ашыкча сууктан улам жалпы АКШда 2 миңден ашуун учак каттамы жоюлду.

АКШ почта кызматы да өзгөчө ашыкча суук болгон аймактарда кызмат кыла алышпай тургандарын билдирди.

АКШда акыркы 25 жылдын эң суук күндөрү кайталанып жаткандыгын белгилеген адистер зарыл болбосо сыртка чыкпоо, үй жаныбарларынын тышта калбашы жана үйдөгү электр буюмдарына этият болуу тууралуу эскертүү беришти.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо