Азия кубогу: Бүгүн Катар менен Жапония кубок үчүн ойнойт



Бүгүн азия кубогунун финалы болот. Анда Катар жана Жапониянын футболчулары кубок  үчүн ойношот. Бул беттеште жеңүүчү курама кийинки мелдешке чейин Азия чемпиондору наамына ээ болот.

Белгилей кетчүү жагдай, Катар командасы буга чейин БАЭ, Түштүк Корея, Ирак командаларын жеңип финалга чыккан.

Ал эми жапондор Иран, Вьетнам, Сауд Арабия командаларын утуп чыккан.

Катар – Жапония беттеши Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө башталат.

Мындан төрт жыл мурда Азия кубогун Австралия футбол курамасы утуп алган. Быйыл Австралия чейрек финалда чемпионаттан четтеп калды.

Быйылкы Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы катышып, 1/8 финалда БАЭге утулуп калды.

Ал эми финалист болгон Катар командасы да Азия кубогунда биринчи ирет финалга чыгып жатат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо