Корчубек Акназаров эртең акыркы сапарга узатылат - Т-медиа

Корчубек Акназаров эртең акыркы сапарга узатылат

Белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча комитети түзүлдү. Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Уюштуруу комитетин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Төраганын орун басары болуп президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Эмил Бусурманкулов дайындалды.

Уюштуруу комитети  Корчубек Акназаров коштошуу ырасымын жана маркумдун сөөгүн жерге берүү зыйнатын уюштурууга байланыштуу бардык маселелерди чечүү тапшырылган. Уюштуруу комитетинин курамына тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери кирген.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 3-февралда 11.00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт. Ошол эле күнү Корчубек Акназаровдун сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо