58 жаштагы киши иске ууланып каза тапты - Т-медиа

58 жаштагы киши иске ууланып каза тапты

Кемин районунда турак-үйдөн өрт чыгып, 58 жаштагы киши иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Министрликтин билдиришинче, Боролдой айылындагы Жээнбеков көчөсүндөгү турак үйдүн бөлмөсүнүн 3 чарчы метр аянты күйгөн. Үйдүн ичинде калган 1961-жылы туулган киши иске ууланып каза болгон.

Өрт 4-февралда кечки саат 18:20 чамасында катталып, эки саат аралыгында өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери  электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккандыгы маалым болду.

Белгилей кетсек, кечээ өлкөдө 10го жакын өрт кырсыгы катталган. Бишкек, Ош шаарларынан сырткары Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарында тилсиз жоо жүз берген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо