Бельгия учак каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды - Т-медиа

Бельгия учак каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды

Бельгияда Брюссель аба жолдору жумушчу профсоюздарынын 13-февралда өткөрө турган иш таштоодон улам 122 каттамын токтотуу чечимин чыгарды.

Брюссель аба жолдорунан берилген маалыматта жумушчу профсоюздарынын 13-февралда жалпы өлкөдө өткөрүлө турган иш таштоодон улам учуу программасында маанилүү өлчөмдө кемчиликтердин болот.

Брюссель аба жолдорунда иштеген жумушчулардын да иш таштоого катышуусун күтүшкөндөрү белгиленген маалыматта Брюссель аба жолдорунун бул күнү 122 каттамын токтотуу чечимин чыгаргандыгы билдирилди.

Белгияда бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан жумушчу жана жумуш берген өкүлдөрдүн арасында кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыккан эмес. Ошол себептүү жумушчу профсоюздары 13-февралда 1 күндүк иш таштоо чечимин чыгарган.

Иш таштоодон улам жалпы өлкөдө поезд каттамдары, борбор шаар Брюсселде болсо метро, трамвай жана автобус каттамдары да токтотулат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо