Төрт эмдин абалы начар. Абылгазиев алардын өмүрүн сактап калууну тапшырды - Т-медиа

Төрт эмдин абалы начар. Абылгазиев алардын өмүрүн сактап калууну тапшырды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда жарыкка келген төрт эмге жана анын энесине тийиштүү медициналык чара көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев абалы начар бойдон калып жаткан төрт эмден кабар алып, аларга жана апасына комплекстүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин көзөмөлгө алды.

«Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн натыйжалуу чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи»,-деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Эскерте кетсек, 25-февралда таңга жуук Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 28 жаштагы эне төрт эм төрөлгөн. Анын үчөө кыз, бирөө уул бала. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлгөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо