"Коопсуз шаар" долбоорунда жол эрежесин бузгандар убактылуу айыпка жыгылбайт - Т-медиа

«Коопсуз шаар» долбоорунда жол эрежесин бузгандар убактылуу айыпка жыгылбайт

 «Коопсуз шаар» долбоорунда 4-мартка чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынбайт.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдиргендей, 12-февралдан 28-февралга чейин 18 600 жол эрежеси бузулган.

«4-мартка чейинки убакытта протоколдор айдоочуларга жиберилбейт. 4-марттан тарта гана камерага түшүп калган эреже бузууларга айып пул салынат«, — деди Саркулов.

Эскерте кетсек, 12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштаган. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Эреже бузгандар айыппул төлөйт. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо