Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти - Т-медиа

Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Кечээ, 4-мартта кечке жуук Таласта катталган шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Манас районунун Арал айылында саат 17:00дөн тартып 18:40га чейин катуу шамал болуп, Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен. Окуядан жабыркагандар катталган эмес. Учурда келтирилген чыгымдын такталып жатат.

ӨКМ 5-мартта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн деп эскертет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо