Үч өлкөгө жаңы элчилер дайындалды. Тизме - Т-медиа

Үч өлкөгө жаңы элчилер дайындалды. Тизме

Кыргызстандын Ооганстан, Жапония жана Белгиядагы элчилери дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. 

Президенттин жарлыгына ылайык, Мирослав Ниязов Кыргызстандын Афганистан Ислам Республикасындагы элчиси болуп дайындалды.

Мирослав Ниязов 67 жашта. Буга чейин Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болгон.

Билген тилдери: кыргыз, орус тилдери

 

Кыргызстандын Жапониядагы элчилигин Мирлан Арстанбаев жетектейт.

45 жаштагы Мирлан Арстанбеков буга чейин Стамбулда башкы консул жана «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген.

Билген тилдери:  кыргыз, орус, англис жана түрк тилдери.

 

Белгиядагы элчиликке 46 жаштагы Муктар Жумалиев дайындалды.

Ал буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси болгон.

Билген тилдери: кыргыз, орус, англис жана француз.

Күн мурун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Мирослав Ниязовду Ооганстандагы, Мирлан Арстанбаевди Жапониядага, Муктар Жумалиевди Белгияга элчи кылып дайындоого макулдук берди.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо