Чамдаңыз! Акысыз текшерүү жумалыгы башталды - Т-медиа

Чамдаңыз! Акысыз текшерүү жумалыгы башталды

Ош облустук адам репродукциясы борборунда урологиялык, гинекологиялык ооруларын акысыз текшерүү жумалыгы башталды. Дүйшөмбүдө башталган акция аптанын аягына чейин өтөт.

Акысыз текшерүү жумалыгы тукумсуздук, тубаса майып төрөлүүлөрдүн алдын алуу максатында жүргүзүлүп, келген жарандарга маалымат берилет. Кайрылгандар акысыз текшерүүдөн өтүп, ден соолугуна кам көрүп алса болот.

«Бир жумалык акцияда кайрылгандарга мына ушул багыттарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 11-марттан 16-мартка чейин Ош облусунун тургундары кайрылса болот»,- деди уролог-андролог Абдирашит Акынбаев.

Кыргызстанда жылына 160 миң чамалуу наристе төрөлсө, анын 3000ге жакыны туубаса майыптык менен төрөлүүдө. Ага негизги себеп катары ата энелердин спирттик ичимдиктерди колдонуусу, радиациялык таасирлер менен эненин ден соолугунун начардыгы болууда.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо