Баткен: дагы бир кыргыз жаранына ок тийгени кабарланды - Т-медиа

Баткен: дагы бир кыргыз жаранына ок тийгени кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан дагы бир кыргыз жаранына ок тийди. Бул тууралуу Баткенде жүргөн кабарчыбыз билдирди. 

Жаңжал чыккан Ак-Сай айылында жүргөн кабарчыбыз Ажибай Пайзидин уулунун айтымында, кыргызстандык тургундун сол колуна ок тийген. Жарат алган тургун медициналык тез жардам кызматынын унаасы менен Баткен райондук ооруканага жеткирилди.

Азырынча бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары ырастай элек.

Буга чейин кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалында кыргызстандык милиция кызматкерине ок тийип жарадар болгон. Ошондой эле, Ак-Сай айылынын 14 жаштагы тургуну Бекзат Жусупбеков тажик тургундары тарабынан сабалганын жергиликтүүлөр билдирген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо