Баткен: кайрадан жаңжал чыгып, ок атылды - Т-медиа

Баткен: кайрадан жаңжал чыгып, ок атылды

Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалынан улам милиция кызматкерине ок тийип жарадар болду. Мындан сырткары бир кыргыз жараны да жаракат алганы айтылууда.

Бул тууралуу чыр чыккан Ак-Сай айылында жүргөн кабарчыбыз Ажибай Пайзидин уулу билдирди. Кабарчыбызга кыргыз жараны 14 жаштагы Бекзат Жусупбеков тажик тургундары тарабынан сабалганын жергиликтүүлөр билдирген. Анын айтымында, кыргыз тараптан 100гө чукул тургундар топтолуп турушат.  Жаңжалдан жаракат алгандар тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев  журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.

Мындан сырткары чек ара кызматынын түштүк аймагынын башкармалыгы Ак-Сай айылында ок атылганын ырастады. Толугураак маалымат бир аздан соң таратылаарын кошумчалады.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо