Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды - Т-медиа

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Сириядагы куралдуу согушка катышып, эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын март айында УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургунун кармашты. Колго түшкөн жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, Эл аралык террористтик уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга» катышуу максатында Түркияга, андан нары Сирияга кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси «Жалданмачылык» менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Анын согушка активдүү катышканы айтылууда. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМКнын 2018-жылдын июль айында таратылган маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. «Ислам мамлекети» радикал уюмуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо