Эйфель мунарасында 130 спортчу күч сынашты. Сүрөттөр - Т-медиа

Эйфель мунарасында 130 спортчу күч сынашты. Сүрөттөр

Бүгүн Париждин Эйфель мунарасында мелдеш өткөрүлдү. 130 спортчу мунаранын 1.665 баскычтан турган тепкичтерди ылдам чуркап чыгуу боюнча жарышты.

Жарышка бардык жаш курактагы спортчулар катышты.

Эркектер арасында жарышты 7 мүнөт 53 секунддук даражасы менен Пётр Лобоцинский  жеңди. Пётр ушуну менен бешинчи жолку мелдеште да Эйфель муранасына эң ылдам чуркап чыкты.

Аялдар арасында Сьюзи Уолшем 10 мүнөт 16 секунддук көрсөткүчү менен мелдеште биринчиликти алды.

Жарышта уткан эки спортчу 2017-жылы Америка Кошмо Штаттарындагы Эмпайр-Стейтке чуркап чыгуу жарышына да жолдомо алган болчу.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо