Баткенден Исфанага биринчи учак учту


Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Каттамдар «Tez-Jet» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат. Учуу убактысы 30 мүнөт.

15-мартта өкмөт кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу чечими кабыл алган.

Учурда өкмөт  тараптан Бишкек-Исфана-Бишкек авиа каттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо