Эйфель мунарасынын жарыгы өчүрүлдү - Т-медиа

Эйфель мунарасынын жарыгы өчүрүлдү

Франциянын борбор калаасы Париждин Эйфель мунарасынын жарыгы Жаңы Зеландиядагы эки мечитке болгон террордук кол салууда каза болгон мусулмандарды эскерүүгө байланыштуу өчүрүлдү.

Тиешелүү буйрукту Париж шаарынын башчысы Энн Идальго кабыл алды. Ага ылайык, Париждин символу болгон Эйфель мунарасынын жарыгы үч күн жандарылбайт.

Энн Идальго өзүнө таандык социалдык медиа  барагынан: «Жек көрүү, мусулман болгондору үчүн аялдарды, эркектерди жана балдарды дагы бир жолу өлтүрдү. Париждиктердин атынан Жаңы Зеландия калкына Крайсчерчтин тургундарына жана мусулман коомчулуктарга көңүл айтамын»,-деп бөлүштү.

Белгилей кетсек, 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы жана Линвуд шаарындагы мечиттерде теракт болуп, акыркы маалыматтар боюнча 50 киши каза болгон.  Алардын арасында балдар менен аялдар да бар.

Терактты уюштурган адам Интернетке мигранттарга каршы улутчул манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо