Жибек жолундагы өлкөлөрдүн интерактивдүү көргөзмөсү өтөт - Т-медиа

Жибек жолундагы өлкөлөрдүн интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунан билдирди. 

Көргөзмөгө 16 өлкөнүн өкүлдөрү катышмакчы. Ар бир өлкөгө бир күндөн атайын бөлүп берилген.

Максаты-интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек Жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү. Шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун, келечегин көрсөтүү.

Бул көргөзмөдө Кыргызстандын күнүндө кийиз басуу, андан буюм жасоо, ал эми Өзбекстан күнүндө керамикадан буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар болот. Ошондой эле Чыгыштын жоокердик искусствосу — кун-фу, каратэ, айкидо, көркөм гимнастика боюнча да мастер-класстар көрсөтүлөт.

Интерактивдүү көргөзмө 2019-жылдын 5-апрелинде башталып, 28-апрелде аяктайт

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо