Абылгазиев Оштогу жазгы-талаа иштери менен таанышат - Т-медиа

Абылгазиев Оштогу жазгы-талаа иштери менен таанышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-21-мартта иш сапары менен Ош облусуна бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн аймактарынын башчыларынын катышуусунда бул маселени жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну талкуулоо боюнча селектордук жыйын өткөрөт.

Мындан тышкары премьер-министр 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын алкагында иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышат, ошондой эле «Ноорузду» белгилөөгө арналган майрамдык иш-чараларга катышмакчы.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо