Жалал-Абадда милициянын “бирдиктүү терезе” борбору ачылды - Т-медиа

Жалал-Абадда милициянын “бирдиктүү терезе” борбору ачылды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору ачылды.

“Бирдиктүү терезе” борбору — күч органдарынан аныктамаларды алууда жарандардын кызматкерлер менен байланышын азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартмакчы.

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин айтымында, бул борбор Жалал-Абад облусундагы милициянын дарегине айтылган нааразычылыктарды алдын алат.

Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот»,- деди Кашкар Жунушалиев.

Төлөм акысы “бирдиктүү терезе” борборундагы жайгашкан терминалдарында жүргүзүлөт. Ар бир кызматтын төлөм акысы документтердин алуу убактыларына жараша болот.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо