Өкмөт жаңжал чыккан чек арадагы айылдарга мектеп курат


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдор Тажикстан менен чектешкен айылдарынын эли менен жолугушканда айтышты. 

Үч-Дөбө, Таш-Тумшук, Масеиттин жери айылдарынын эли жолугушууда чек араны тактоо жумуштарын тездетүү менен тынымсыз катталып жаткан чыр чатактарга бөгөт коюу зарылчылыгын белгилешти.

Мындан сырткары чек арага чектеш аймактардагы элдин жашоо шартын жакшыртууда айылдагы социалдык маселелерди чечүүгө да көңүл бурууну суранышты. Аталган айылга жаңы орто мектеп куруу, спорт зал куруу, бала бакча, ФАП куруу зарылчылыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, 2014-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, ок атышуу менен коштолгон. Ошол учурда эки тарап макулдашып, Көк-Таш — Ак-Сай – Тамдык — Кишемиш жолун куруу менен Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда куруу макулдашылган. Бирок бул макулдашуу боюнча иштер толук аткарыла элек болчу.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо