Ошто дин кызматкерлери 200 түп көчөт отургузду. Фото - Т-медиа

Ошто дин кызматкерлери 200 түп көчөт отургузду. Фото

Ош шаарында дин кызматкерлери ишембилик өткөрүп,  200 түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу Ош облустук казыяттан кабарбашты. 

Маалыматка ылайык, дин кызматкерлери калаанын үч көчөсүн тазалашты. Ишембиликте мечиттердин, диний окуу жайлардын жана мектептердин айланасы тазаланып, таштандылар чыгарылды.

Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев «Тазалык ыймандын жарымы жана бак-дарактарды отургузуу соопту иш» экенин айтты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын тапшырмасы менен өлкө боюнча дин кызматкерлер массалык түрдө ишембилик өткөрүп жатат.

Айта кетсек, Кыргызстан боюнча  1-марттан 31-майга чейин ишембилик өнөктүгү жарыяланган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо