Тышкы миграция жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү кирди - Т-медиа

Тышкы миграция жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Тышкы миграция жөнүндөгү» өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

Мыйзамдын максаты – чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгарып жиберүү же калтыруунун тартибин тактоо.

Алардын жасаган кылмышынын оордугуна же жасаган жосуну үчүн санкциянын категориясынын түрүнө жараша Кыргызстанга кирүү укугунан ажыратуу мөөнөттөрү аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгарып жиберүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү жана чыгымдарды каржылоо тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 13-февралында кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо