Абылгазиев: Сауд Арабия биздин маанилүү өнөктөшүбүз - Т-медиа

Абылгазиев: Сауд Арабия биздин маанилүү өнөктөшүбүз

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен Эр-Рияд шаарында жолугушту.

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык тармактагы маселелерди талкуулашты. Абылгазиев Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү жана анын тышкы саясатында өзгөчө орду бар экенин билдирди.

«Бул күндөрү биздин өлкөнүн жарандары ажылыкка келишип, эки ыйык жерди кыдырышууда. Ошону менен бирге Сауд Аравиядан келген туристтердин санынын жыл сайын өсүүсү кубандырат, алар үчүн эшигибиз дайыма ачык», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал эми Сауд Аравия королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

«Эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бул маселе боюнча тыгыз кызматташууга тийиш. Инвестициялык кызматташууну бекемдөө үчүн мен тиешелүү тапшырмаларды берем. Мусулман коомчулугунда болуп жаткан маселелерди биз ар дайым колдоого тийишпиз. Биз боордош өлкөлөрдөн болуп саналабыз», – деди Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд.

Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Кыргызстан менен соода-экономикалык чөйрөдөгү алакаларды өнүктүрүүнү жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырды.

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-мартта Эр-Рияд  шаарындагы «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш катышты.  Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» маданий иш-чарасы 9-мартта башталган. Анда Кыргызстандан барган топ «Көчмөндөр ааламы» деген аталышта улуттук өнөрдү тартуулашты.

98 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жаткан этнофестивалга Кыргызстандан 2000ден ашык адам кеткен. Делегациянын курамында спортчулар, уз-усталар, зергерлер, кол өнөрчүлөр бар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо