Чек арадан баалуу металл ташып бара жаткан жаран кармалды - Т-медиа

Чек арадан баалуу металл ташып бара жаткан жаран кармалды

“Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан баалуу металлды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  “Манас” эл аралык аэропортунда  Бишкек-Алматы-Дели багыты боюнча рейси менен уча турган И.Г. аттуу Кыргызстандын жаранынан колго жасалган  эки билерик буюму табылган.

Аныкталган товар сары баалуу металлдан колго жасалган, жалпы салмагы 424,50 грамм болгон. Кармалган жаран баалуу метелл алып бара жаткандыгы тууралуу бажыга декларация берген эмес.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргызстандын аймагынан баалуу металлдарды алып кетүү тартибин бузуу белгилери боюнча катталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо