Мурат Суталиновдун жубайы Владимир Путинге кайрылуу билдирди - Т-медиа

Мурат Суталиновдун жубайы Владимир Путинге кайрылуу билдирди

УКМКнын мурунку жетекчиси, абактагы Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова мамлекетик сапары менен Кыргызстанга келген Орусиянын президенти Владимир Путинге Фейсбук аркылуу кайрылды.

Гүлнара Суталинова Владимир Путинди орган адамы катары Мурат Суталиновдун абалын жакшы түшүнөт деп ишеним артып турганын жазган.

«Адамгерчилик менен боорукерлик Кыргызстанда же Орусияда болсо дагы сакталышы керек. Сиз ооруп жаткан офицерге карата шылдыңдоо болуп жатканы боюнча мамилеңизди билдирип койсоңуз», — деген ал.

Ал билдүрүүнүн аягында маалыматты Орусиянын президентине жеткирип коё турган жарандарга алдын ала ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго дагы ачык кат жолдоп, Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Кошумчалай кетсек, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Азыр Мурат Суталинов абакканада химиотерапия алып жатат. Дарыгерлер анын абалы оорлошуп баратканын белгилеп келишүүдө. Буга чейин парламенттин айрым депутаттары УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновго ырайым берүүнү сунушташкан эле.

Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо