Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди


Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда президент С.Жээнбеков тосуп алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирдиРасмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо