Дүйнөнүн эң мыкты мугалими бир миллион доллар сыйлык алды - Т-медиа

Дүйнөнүн эң мыкты мугалими бир миллион доллар сыйлык алды

Кениянын жөнөкөй айылында мугалим болуп эмгектенген жаран Global Teacher Prize уюму тарабынан эң мыкты мугалими деп табылды.

Питер Табичи аттуу мугалим өзүнүн маянасынын жарымын жакыр үй-бүлөдөн чыккан окуучуларга берип турган.

Ал өзү иштеген Пвани мектебинде дайыма каржы маселеси көйгөй жараткандыктан айлыгынын дээрлик 80%ы жардам катары окуучуларга берип турат.

Питердин айтымында алардын айылында мугалимдер жетишсиз. Ошондой эле бир класста 70ден ашуун бала окуйт.

“Акча-бул түбөлүк эмес”,-дейт Питер. Ал кандай жол менен болсо да окуучуларын билим алууга үндөгүсү келет.

Ошондуктан ал сабакты көп калтырган окуучулардын үйүнө барып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Муну менен бирге эле кыздарын эрте турмушка бергендер менен да иш алып барат. Эгер кызы орто мектепти бүтпөй калса келечеги кандай болоору тууралуу маектешет.

Анын окуучулары улуттук жана эл аралык конкурстарда дайыма жеңүүчү болуп келет.

Global Teacher Prize премиясы Varkey Foundation фонду тарабынан каржыланат жана жыл сайын мыктыларга тапшырылып турат.  Калыстардын саны 150 адамдан турат.

Мындай сый акы ыйгарууну индиялык бизнесмен Санни Варки негиздеген. Максаты мугалимдик кесиптин даражасын жогорулатуу.

 

Булак: BBC орус кызматы

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо