Ишкерди бычак менен коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды. Видео - Т-медиа

Ишкерди бычак менен коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды. Видео

Чүйдө ишкерден миң доллар талап кылып, бычак менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран ишкердин үйүнө барып, миң доллар акча талап кылган. Аны күч колдонуп, автоунаанын багажына камаган. Ишкердин туугандары издеп келгенде коё беришип, өздөрү кетип калышкан.

Кармалган шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунун 34 жаштагы тургуну болот. Ал мурда карактоо жана опузулап талап кылуу боюнча соттолгон. Учурда ал  уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат.

Шектүүнүн текшерүү учурунда жашаган жеринен жабырлануучуну коркуткан бычак табылган.

Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо