Өкмөт Макмалдын 70% акциясын инвесторго берди - Т-медиа

Өкмөт Макмалдын 70% акциясын инвесторго берди

2019-жылдын 27-мартында «Кыргызалтын» ААК жана «Мансон Групп» ЖЧК ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Келишимге ылайык, «Макмал» алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү каралган. Биргелешкен ишканадагы «Кыргызалтын» ААК үлүшү 30% түзөт, ал эми «Мансон Групп» ЖЧК үлүшү – 70%ды түзөт.

Буга байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков билдиргендей,  «Мансон Групп» компаниясы «Макмал» алтын кенин иштетүүгө пайдалуу шарттарды сунуштаган.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор өзүнүн каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзөт жана 75 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат салат. Бул инвестициялык келишимди ишке ашыруу комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 жашоочусун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздайт.

Бул келишимдин алкагында инвестор калкты жумуш менен камсыз кылууну жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн бир катар ишканаларды курууну пландап жатат:

1.Сүт жана кыш модулдук заводдору,

2.Балды кайра иштетүү модулдук заводу,

3.Поликарбонат күнөскана-модулдук комплекси,

4.Май куюучу бекет,

5.Дүкөн, мини-маркет, кафе, жарманке,

6.Эки кабат отель, үч кабаттуу мейманкана-туристтик комплекси.

Өкмөттөн кошумчалагандай, Макмал алтын кени 1986-жылы ачылган. Кен ишканасы 2018-жылдын сентябрынан баштап, жабдуулардын эскилиги жеткенине жана алтын өндүрүү азайганына байланыштуу өз ишин токтоткон. Буга чейин жергиликтүү бюджетке 29 млн сом  жана республикалык бюджетке 50 млн сом  чегерип турган.

«Мансон Групп» компаниясы Кытай мамлекетине таандык. Алар кен иштетүүгө сынак ачык өткөрүлгөнүн билдирди.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо