Футзал: Суперлиганын биринчи жарым финалчысы аныкталды - Т-медиа

Футзал: Суперлиганын биринчи жарым финалчысы аныкталды

Оштун EREM  клубу суперлигада биринчи болуп жарым финалга чыкты.

EREM тандоо турунда Жалал-Абадтык Жаш Муун командасы менен конокто ойноп, анда да 10:2 эсепте утуп алган.

Эки команданын жооптук оюну 4-апрелде Ош шаарында өтүп Жаш Муун —  EREM  беттеши 0:16 эсепте жыйынтыкталды.

Ошентип эки оюндун жыйынтыгы менен EREM Жаш Муунду 2:0 эсепте утуп жарым финалга чыкты.

Эскерте кетсек өткөн  жылы футзал боюнча өлкө чемпиондугун Оштук EREM клубу утуп алган. Андан кийин АФК кубогуна катышып команда тайпалык этабтан өтө алган эмес.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо