Президент төрт эмдин ата-энесине 2 млн сом берди. Сүрөттөр


Бүгүн, 4-апрелде, президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордон төрөлгөн төрт эм ымыркайдын ата-энесине турак жай алыш үчүн 2 млн сом сертификат жана эки орундуу коляска берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, өкмөтү тарабынан жаш үй-бүлөнүн муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлгөн.

Ымыркайлар биринчи 10 күндө туруктуу оор абалда болгондуктан, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алышып жатышкан. Ымыркайларга тийиштүү медициналык кызматтар көрсөтүлүп, дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-февралында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө ай-күнүнө жетпей 4 эм (3 кыз, 1 уул) жарыкка келген. Жубайлар 3 жылдан бери Бишкек шаарында батирде жашап келишкен.

Белгилүү болгондой, наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Аталган иш-чарага КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо