Исфайрам дарыясына агып кеткен баланы издөөгө 52 куткаруучу тартылды - Т-медиа

Исфайрам дарыясына агып кеткен баланы издөөгө 52 куткаруучу тартылды

Баткендин Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында Исфайрам дарыясына түшүп кеткен баланы издөөгө 52 куткаруучу тартылды. Бирок майнап болгон жок. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, дарыяга түшүп кеткен баланы издөөгө куткаруучулар, суучулдар жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Бүгүн 5-апрель күнү издөө иштери жүргүзүлүп, бала табылган эмес. Издөө иштери дагы улантылат.

Эскерте кетсек, 3-апрель күнү Кара-Жыгач айылында 2011-жылы туулган  К. Ж аттуу бала Исфайрам дарыясына түшүп кеткен.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо