Кыргызстандын четтеги элчиликтеринин бирдиктүү баракчасы ачылды - Т-медиа

Кыргызстандын четтеги элчиликтеринин бирдиктүү баракчасы ачылды

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринин бирдиктүү интернет порталы ишке кирди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирет.

Эми Кыргызстандын баардык өлкөлөрдөгү элчиликтеринин маалыматтары бул баракчада болот.

«Максат коюп, көптөн бери даярдаган ТИМдин жаны интернет-порталы ишке ашырылып иштей баштады. Мекендештерибизге, жарандарга ыңгайлуу болот деп терең ишенем», — деп жазды министр Чыңгыз Айдарбеков.

Жыл башында Кыргызстандын тышкы иштер министрилиги чет жакта жүргөн мекендештерге жардам берүү үчүн күнү-түнү иштей турган онлайн кайрылуу кызматын ачкан эле.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо