Ошто Шевченкону жоолук салып тосуп алышты. Фото - Т-медиа

Ошто Шевченкону жоолук салып тосуп алышты. Фото

UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Ошко келди. Анын учагы таңкы саат 08:30да Ош эл аралык аэропортуна келип түштү. Шевченко менен бирге анын машыктыруучусу жана апасы келген.

Спортчуну Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Ал эми шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аны аэропорттун VIP бөлмөсүнөн тосуп алды. Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев болсо спортчуга кыргыз оймосу түшүрүлгөн чапан кийгизип, жоолук салды.

Маектешүүдөн соң Бишкектен келген конокторду атайын кортеж менен Ош шаарына алып кетишти.

Белгилей кетсек,  Кыргызстандык мушкер күйөрмандары менен кечээ Бишкек Паркта жолугуп, кызыктырган суроолорго да жооп берген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо