Сүйүнчү! Кыргызстандык Айжан шахмат боюнча Азия чемпиону болду


Кыргызстандык Айжан Съездбекова өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалдын ээси болду.

Бул тууралуу Кыргызстан Шахмат Федерациясынан билдиришти.

Турнир Калутара (Шри-Ланка) шаарында өтүп жатат. Мында шахмат боюнча Азия чемпиондугуна 8 жаштан 18 жашка чейинкилер катышууда.

10 жашка чейинки кыздардын таймашына катышкан Кыргызстандык Айжан Съездбекова сегиз упай топтоп алдыга чыгып, Азия чемпиону болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаш шахматчысы Айжан Съезбекова 2018-жылы Өзбекстанда өткөрүлгөн Батыш Азия чемпионатында алтын медалды утуп алган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо