Бабановдун келишине карата митинг өтүүсү мүмкүн - Т-медиа

Бабановдун келишине карата митинг өтүүсү мүмкүн

“Республика” партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясина кат жөнөттү.

Мэрияга жазылган арыздын сүрөтү интернетке жарыяланды. Анда тынчтык митинги эски аянтта өтө турганы, ага болжол менен 10 миңдей киши катышары белгиленген. Муну менен катар коомдук коопсуздукту сактап берүү өтүнүчү да айтылган.

Буга чейин аталган партиянын мурдагы лидери, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакын арада келе турганын жарыялаган болчу.

Ал 13-апрелде Бишкекке келээрин фейсбук баракчасы аркылуу билдирип, билет сатып алганын да жарыялаган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо