Быйыл Кыргызстанга Кытай жана Индиянын башчылары келет - Т-медиа

Быйыл Кыргызстанга Кытай жана Индиянын башчылары келет

Бул тууралуу президент С.Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Өлкө башчы мындан башка сырткы саясат жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчы соңку жылдары жакынкы коӊшу мамлекеттер  Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен ишенимдүү кызматташтык жана мамилелер жаны деңгээлге чыкканын билдирди.
Кыргызстан Түркия менен кызматташууда буга чейин топтолуп калган маселелерди эки тарап ачык талкуулап, түшүнүшүү менен чечкен.

Быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылат, июнь айында Бишкекте бул уюмдун саммити болот.
Ошондой эле быйыл Бишкекте Жамааттык коргонуу келишими уюмунун саммити да Кыргызстандын  төрагалы астында өтөт.
«-Быйыл Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын мамлекеттик жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди мырзанын расмий визиттери болот. Жакында эле Тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган концепцияны кабыл алдык. Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилерин жана консулдарын чогултуп, жыйын өткөрдүм.Чет жерде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын, мекендештерибиздин укуктарын коргоо боюнча актуалдуу милдеттер белгиленди,-деди президент.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келип сөз сүйлөдү. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчы 2018-жылы 27-июнда парламентте депутаттар менен элге кайрылуу жасаган болчу.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо