Президент германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырды - Т-медиа

Президент германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында  Бавариянын федералдык, европалык жана ЖМК маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту.

«-Бул биздин достук мамилелер үчүн жакшы жышаана. Бүгүн сиздерди абдан кызыктуу жолугушуулар күтөт жана алардын бири — Мюнхендин илимий-изилдөө борбору да болуп эсептелген айыл чарба ишканасына баруу», — деди Флориан Херманн.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди, эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүүнү айтып, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Өлкө башчысы Германия экономикасынын кезектеги Үчүнчү Күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары алга карай ишенимдүү кадам менен баратканын баса белгиледи. Өлкөдө жүрүп жаткан кайра өзгөртүүлөр, реформалар, 2020-жылы боло турган кезектеги парламенттик шайлоолор жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө кыскача айтып берди.

Ал бүгүн Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканын, ага 2019-жылдын июль айында ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерико Могерини менен бирге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле саясий байланыштарды активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ВСП+ алкагында Кыргызстанга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.  Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, кооперативдерди жана туризмди өнүктүрүүгө, ЕБ алкагында кызматташууга, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөдө жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча Биргелешкен фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун  аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси Флориан Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо