Ош: жаңы салынчу ипотекалык үйлөр арзан болот. Графика - Т-медиа

Ош: жаңы салынчу ипотекалык үйлөр арзан болот. Графика

Жакында Ош шаарында муниципалдык ипотекалык багыттагы биринчи үй салына баштайт. Учурда 9 кабаттан турган 80 батирлүү үйдүн долбоору толук даярдалып бүттү.

Алгачкы ипотекалык үй — бюджеттик кызматкерлердин социалдык абалына ылайык келе турган баада салынат. Ошол эле учурда жашоого ылайыктуу заманбап шарттардын баары каралмакчы.

Ипотекалык үй каерге түшөт?

Жакында салынчу ипотекалык багыттагы үйдүн долбоору жана анын шарттары боюнча Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын директору Кутманалы Абдырахманов «Т-Медиага» кеңири маалымат берди.

Анын айтымында, ипотекалык үй Курманжан Датка көчөсүнүн 121-дарегине курулат. Бүгүнкү күндө ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашып эски имараттын ордуна биринчи ипотекалык үйдү куруу пландалууда.

Кайсы акчага курулат?

Алгачкы муниципалдык ипотекалык үй Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдөн артып калган батирлерди ипотекага берүүдөн түшкөн акчага салынат.

Учурда ипотекага берилген 300гө жакын батирлерден жалпы 270 млн сом чогулган. Бул акча 9 кабаттан турган 80 батирлүү үйдү курганга жумшалат.

Ипотекалык негизде берилген үйлөрдөн жалпы 767 млн сом түшөт. Ал акча 3 же 4 үй салганга жетет. Бул 500 адамды биринчи айлампада турак-үй менен камсыз кылат деген сөз.

Бүгүнкү күндө кошумча каржы булактарын издөө тапшырмасы коюлган. Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын өкүлдөрү келип, ипотекалык үйлөрдү курууга инвестиция тартуу маселеси каралып жатат.

Үйлөрдүн баасы жана шарттары кандай? 

Ипотеканын шарттары мурдагыдай эле  6 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилет.

Баасы мурдагыдан айырмаланып арзан болот деп пландалып жатат. Чарчы метри 400 долларга чейин болот.

Курулуштун долбоору кандай?

Курманжан Датка көчөсүнө түшө турган үйдүн жалпы аянты 8200 чарчы метрди түзөт. Жалпы 9 кабаттан туруп, биринчи кабаты техникалык кабат деп аталат. Жер төлөөсүндө 40 орундук автоунаа токтотуучу жай болот. Сыртында да өзүнчө автопаркинг каралып, 50 автоунаага ылайыкташат.

Заманбап курулабы? 

Алгачкы муниципалдык ипотекалык үй заманбап типте курулат. Үйдүн сырты сары таш менен кооздолот. Демек, сырты ар кандай кайра иштетүүлөргө туруштук берет жана жамгырда тез эзилип кетпейт. Андан сырткары, түсүн тез жоготпой, табигый түскө ээ болгон таш менен жасалгаланат. Короосу менен подьездери күндөн энергия алуучу аппараттар менен жарыктандырылат.

Качан пайдаланууга берилет?

Учурда курулуштун жалпы долбоору бүтүп, мамлекеттик экспертизага тапшырылган. Жакынкы аралыкта экспертизанын жыйынтыгы чыгат. Эгерде долбоорго карата эч кандай эскертүү болбосо, апрелде тендер жарыялап, курулуш иштери башталат.

Курулуш 1 жыл 8 айда бүткөрүлөт деп эсептелди. Бирок заманбап технологиялардын жардамында ишти 11 айга кыскартуу мүмкүнчүлүгү жаралып жатат. Демек, курулуш 9 айдын ичинде бүткөрүлөт.

Батир бүткөрүлгөн абалда берилеби? 

Буга чейин мамлекеттик дирекция курган үйлөрдөй даяр шарттар каралбайт деп маалымдалган. Анткени ал үйлөр сырттан келген гранттык каражаттардын эсебинен бүткөрүлгөн эле.

Азыр Ош бийлиги мурдагы шарттарды сактап, жарандарга жашай турган абалда тапшырабыз деп пландаштырууда.

—  Турмуш тиричилик буюмдарынан газ меши кошулат.

—  Бардык эшик-терезелери коюлат.

— Ажаткана менен мончосунда бардык (раковина, унитаз) шарттар каралат.

Сапаты көзөмөлдөнөбү?

Буга чейин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекттик дирекция арзанын көздөп, сапатсыз курулуш материалдарын пайдаланаган деген нааразычылыктар айтылган.

Айрым үйлөрдөн жарака кетип, көзү азиздер менен угуусу начарларга берилген 45 батирлүү көп кабаттуу үйдүн пайдубалы чөгүп кеткен болчу.

Ош бийлиги алдыда салынчу ипотекалык үйдүн сапатын тыкыр көзөмөлдөй турган болууда. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция курулуштун сапатын түздөн-түз көзөмөлдөйт. Андан сырткары долбоордун авторлору көзөмөл жүргүзүшөт.

Ошондой эле Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишкана визуалдык-электрондук көзөмөл жүргүзүүчү приборлорду сатып алганы жатат. Жалпы 274 миң сомго тендер жарыяланды.

Ал приборлор куюлган бетондун абалы, сапаты, металл конструкциялардын диаметрине чейин электрондук маалыматты берет. Ультра үн аркылуу көзөмөлдөөчү технадзор жабдылат. Ар бир жаран ошол приборлорду иштетип көрсө боло турган шартты да түзүү жагы да пландалууда.

Кантип бөлүштүрүлөт?

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 6 000 миң адам ипотекалык батирлерди алуу боюнча арыз таштаган. Анын 80и гана алдыда салынчу алгачкы ипотекалык үйлөрдү ала алат.

Кезекке тургандардын көптүгүнө байланыштуу Ош мэриясы квота менен бөлүштүрүүнү пландоодо. Мында мурдагыдай эле мекеме-ишканалардан батирлерге муктаждыгы жогору кызматкерлер тандалат.

Эске салсак, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы 2010-жылдагы кандуу, июнь каргашасынан кийин мамдирекция Түштүктө жалпысынан 173 объект курган.

Мэрия 2016-жылы Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамдирекциясынан ашкан 278 батирди бөлүштүргөн соң, түшкөн акчага дароо эле үй салууну колго алган болчу.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо