Алматы-Ташкент жолунда 11 киши каза болду - Т-медиа

Алматы-Ташкент жолунда 11 киши каза болду

Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан 11 киши каза таап, 30га жакыны жараат алды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлаганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды. 

Маалыматка караганда, 20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автоунаа жолунун 181-чакырымында «Toyota Camry» машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен.

Министрликтин басма сөз катчысы Нурдилде Ораздын айтымында, окуя болгон жерге облус башчысынын орун басары Бекболот Орынбеков, облус прокурору Жаркын Күсайынов, облустук полиция жана тишелүү органдын өкүлдөрү барышты.

Эске салсак, ушундай жол кырсыгы Португалиянын Мадейра аралында туристтер бараткан автобус кырсыкка кабылып, 30дай кишинин өмүрү кыйылып, 27 адам жабыркаган. Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуздун айтымында, курман болгондордун баары Германиянын жарандары болгон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо