Бишкек жана Ош шаарларында логистикалык борборлор курулат - Т-медиа

Бишкек жана Ош шаарларында логистикалык борборлор курулат

Бишкек жана Ош шаарларында соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди. 

Маалыматка ылайык, айыл чарба багытында жалпы 18 макулдашууга кол коюлган. Анын ичинде соода-логистикалык борборлор Бишкек жана Ош шаарларында эки жерге курула турган болгон.

«Ош шаарындагы логистикалык борбор үч тараптуу келишим болот. Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан ортосунда үч тараптуу логистикалык борбор курулат. Алар 10миң тоннадан кем эмес. Андан сырткары айыл-чарбасында ар түрдүү тармактарда минералдык жер семирткичтерден баштап, органикалык жер семирткичтерди чыгара турган заводдорго кол коёлду»,-деди Нурбек Мурашев

Министр кошумчалагандай, бул борбордун курулушу 2020-жылы башталат.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо