Күйүүчү май качан арзандайт? Депутат өкмөткө суроо салды - Т-медиа

Күйүүчү май качан арзандайт? Депутат өкмөткө суроо салды

Кыргызстан Орусиядан мунайзатты бажы алымдарысыз алып жатканы менен сезилерлик өзгөрүү байкалган жок. Бул тууралуу депутат  Исхак Пирматов Жогорку Кеңеште өкмөттүн былтыркы жылдагы отчётун угулуп жатканда айтты. 

Эл өкүлү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге күйүүчү май эмнеден улам арзандабай жатат деп суроо салды.

“Мен буга чейин бензиндин баасын 10 сомго чейин төмөндөтүүгө болорун айттым эле. Бул маселе тармактык комитетте да каралган. Сиз дагы бир айдан кийин так маалымат берүүгө убада бергенсиз. Тилекке каршы, азыркыга чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок”, — деди Пирматов.

Өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта чаралар көрүлүп жатканын айтты.

“Биз Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын өз пикири бар, биздики да башкача, сунушталган шарттарга макул болбой турушат. Россия бизге такай колдоо көрсөтүп, алымсыз күйүүчү майларды берип келет. Кимдир бирөөлөрдүн арзан майы үчүн туруктуу өнөктөштөрдөн дароо эле баш тартуу да жарабайт. Бирок, бул багыттагы сүйлөшүүлөр улантылат”, — деген жообун берди ал.

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташы өткөн жылдын башынан баштап байкалган.

Өткөн жылдын соңунда Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. Ошондон кийин Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы түшө баштады.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо