Айылдык жигит чакан учак жасады. Микровидео - Т-медиа

Айылдык жигит чакан учак жасады. Микровидео

Бала кезинен учууну кыялданган Сапарбек Мурзакматов кадимки дельтапланды кол менен жасады. Ал бул эмгегине жарым жыл убакыт короткон. 

Учууну эңсеген Сапарбектин кыялы бат эле ишке ашпады. Үчүнчү жолку учууда гана колго жасаган учагы асманга көтөрүлдү.

Башкарууну колго алган сон, бийиктиктен ылдый карай 10-15 метрден кийин учууга болот. Сапарбек алгач 1 чакырым алыс жерге чейин учкан.

Алгачкы жолу учканда кооптуу болгондугун айтат. Бирок кийинкилери учкуч үчүн позитивдүү манай гана тартуулаган. Кыялы орундалган Сапарбек өзү жасаган дельтапланда 50 — 60 жолу учкан.

Сапарбектин өзгөчө учагын төмөнкү микровидеодон көрө аласыздар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо