Кыздын намысы 5 миң доллар турабы? Окуянын чоо жайы - Т-медиа

Кыздын намысы 5 миң доллар турабы? Окуянын чоо жайы

Кадамжайда 16 жаштагы кызды зордуктаган Өзбекстандын жараны эки жылдан бери жоопко тартыла элек. Бул тууралуу «Т-Медиага» зордукталган кыздын атасы билдирди. 

Анын айтымында, окуя 2017-жылдын 8-августунда саат 00:30 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында болгон. 28 жаштагы Өзбекстандын жараны түн ортосунда  үйгө бастырып кирип кызымды зордуктаган деп даттанат кыздын атасы.

«Саат 12:00дөр чамасында үйгө кирген. Мен үйдө жок элем. Кызды зордуктап ата-энеңе айтсаң ошолорду кошуп союп таштаймын деп коркутуп чыгып кеткен. Кызым башка комнатада өзүнчө сабак даярдап жаткан болчу. Бул боюнча Кадамжай милициясына жана прокуротурага кайрылганбыз. Милиция эч нерсе кыла албайбыз деп Өзбекстанга өткөрүп берген«,-деди кыздын атасы.

Кыздын атасы кылмышка шектүү эки жылдан бери жазасын албай жатканына нааразы. 2017-жылы 15-августунда ички иштер министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам опер өкүлү Мамасаитов сексуалдык аракеттер болгону аныкталганын билдирген.

Ал эми социалдык тармактардан келген түшүнүнүк катта 16 жаштагы кызды зордуктаган деп айтылып жаткан Өзбекстандын жараны күнөөсүн моюнга алган.

Түшүнүк катта этикага туура келбеген жерлери алынып салынды.

Ал эми төмөнкү видеодо зордуктоого шектелген жаран күнөөсүн моюнга алган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, бул иш соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык жабылганын билдиришти. 

«Соттук-медициналык экспертизанын, 2017-жылдын 18-августундагы №299 сандуу корутундусуна ылайлык бул 16 жаштагы кыздын денесинде эч кандай жарааты жоктугун жана анын кыздык белгисинен окуя болгонго чейин мурда эле ажырагандыктан аныктоонун мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Социалдык тармакта тараган видеону текшерүү учурунда “Алимардан” атуу атуулдун өздүгү аныкталып, ал Өзбекстандын Фергана облусунун Кувасай шаарынын Палман айылынын 1989-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Жогоруда аталган жагдай боюнча эч кандай кылмыштын курамы жок болгондуктан, 2017-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-ст.1-б.2-п. негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган«,-деп айтылат маалыматта.
Юрист Роза Маманованын айтымында,  бул иш боюнча милиция кызматкерлери зордуктаган жарандан 5 миң доллар өлчөмүндө акча алып кылмыш ишин жаап, Өзбекстанга өткөрүп берген.
«Бардык фактылар ачылгандан кийин бир күндүн ичинде зордуктаган Өзбекстандын жаранынан  Өмүр Кочкаров аркылуу 5 миң доллар акчасын алып, ошол учурдагы тергөөчү Айзек Жумабаев бир кундүн ичинде кылмышты жаап койгон. Ал зордуктаган камаз айдаган айдоочу болгон. Айзек Жумабаев жабырланган кыздын ата-энесин коркутуп, күнөө өзүңдө турбайбы үйгө киргизген сен күнөөлүүсүң деп кууп жиберген»- деди Роза Маманова.
2019-жылдын 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодексте өспүрүмдөргө сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жаза жумшарган.

Эски кодекстеги 129-берене. Зордуктоо жашы жете электерге карата жасалганда кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Жаңы кодексте бул 161-берене болуп кеткен. Зордуктоо үчүн жаза 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин жумшартылган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо