Ош мэри: "Жаштык" лагери оңдоого 100 млн сом да жетпейт - Т-медиа

Ош мэри: «Жаштык» лагери оңдоого 100 млн сом да жетпейт

Ош шаарындагы «Жаштык» лагери 100 млн сом менен дагы ондолбойт. Бул туура мэр Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.

Депутаттар Оштогу Жаштык лагеринин абалы боюнча мэрден жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына суроо беришти.

Мэрдин айтымында, буга чейин жаштык лагерине 22 млн сом бөлүнгөн. Анын 3 млн сому арыктарды оңдоого коротулуп кеткен. Бирок сапатсыз курулган.

«-Мен өзүм барып лагерди көрдүм. Ал жерге 100 млн сом коротсо дагы абалы жакшырбайт. Лагердин жери сатылып кеткен деген сөздөр айтылып жүрөт. Мен ачык айтайын, шаарда 1 метр дагы жер сатылбайт жана мен дагы сатып албайм. Буга катуу турам«- деди.

Эске салсак, Жаштык лагерине шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана майыптыгы бар адамдардын балдары эс алат. Буга чейин 2010 жылы Ош коогалаңында жабыр тарткан үй-бүлөлөр жашаган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо