Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнө быйыл 27 жыл
Кыргызстанда 1992-жылдын 13-январында ошол кездеги өлкө башчысынын жарлыгы менен коргонуу боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, аны генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жетектеген. Ал эми 29-майда башка бир жарлык менен Кыргызстандын аймагындагы мурдагы советтер союзунун аскер бөлүктөрүн өлкө расмий түрдө өз карамагына алган.
29-май эгемен өлкөнүн куралдуу күчтөрүн түптөөнүн башаты болуп калган. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы - куралдуу күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоо, өнүктүрүү, мобилдүү жайылтуу жана колдонууну тикелей жетектейт. Аймактык коргонууну уюштурат. Мамлекеттин аймагын коргоо кызыкчылыгында оперативдик жабдуунун планын иштеп чыгат жана аткарылышын көзөмөлдөйт.
Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы президент
Кыргызстан куралдуу күчтөрү 1993-1998-жылдары Тажикстандагы жарандык согушта чек араны коргоого катышкан. Анда тоо-аткычтар батальону кызмат кылып, жалпы саны 4,5 миңге жеткен. 1999-2000-жылдары Баткендеги жана Чоң-Алайдагы согушкерлер менен салгылашып, Мекенибизди коргоого эбегейсиз чоң салым кошушкан. Баткен коогалаңында ондогон аскерлерибиз курман болуп, жүздөгөн аскерлер орден мадалдар менен сыйланган.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылуушуларды басууда жигердүү роль ойношкон.
1999-2000-жылдары кыргыз армиясынын саны 20 миңге чейин жеткен, жаңжал басылгандан
кийин саны 15 миңге кыскартылып, 70-75 % контракт келишими менен кызмат өтөгөндөр болгон.

1993-жылы КР мамлекеттик комитети коргоо министрилги болуп кайра түзүлгөн.

1998-жылы 8-мото аткычтар дивизиясынын базасында биринчи Койташ бригадасы жана үчүнчү Ош бригадасы түзүлгөн
Аскердик, стратегиялык, мамлекеттик, аскердик-өнөр жай объектилерин коргоо үчүн 2006-жылы Абадан коргонуу күчтөрү түзүлгөн.

2011-жылы июль айында Панфилов дивизиясынын 70-жылдыгына карата Токмок шаарында 8-гвардиянын мото-аткычтар дивизиясы болуп калыбына келтирилген.


1934-ж. Германияда 840 самолёт чыгарылcа, 1936-ж. анын саны 4733кө жеткен
Согуштук өнөр жайынын көлөмү 1934-жылдан 1940-жылга чейин 22 эсеге өскөн. 1935-жылы 29 дивизиясы болсо, 4 жылдан кийин 102ге көбөйгөн. Германия 1919-жылдагы Версаль тынчтык келишиминин шартын бузуп, Улуттар лигасынан чыккан.

1936-жылы Рейн аймагын басып алып, Япония менен «Антикоминтерндик пактыгв.» кол койгон. 1937-жылы ага Италия кошулган. 1938-жылы Германия Австрияны жана Чехословакиянын Судет облусун басып алган. 1939-ж. 23-августта СССР менен өз ара кол салышпоо жөнүндө Советтик-германдык келишимге кол коюлган.

2006-жылы армияда кызмат өтө 18 айдан 12 айга кыскартылган.


Кыргызстан куралдуу күчтөрү 1992-жылы 15-майда ЖККУнун куралдуу күчтөрүнүн, 2001-жылы 15-июнда ШКУга куралдуу күчтөрүнүн катарына кирген.

Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн түзүмү: кургактыктагы жана абадан коргонуу болуп экиге бөлүнөт. Аймактык жактан Түштүк-батыш жана Түндүк аскерлер группасы болуп бөлүнөт.

Кургактыктагы аскерлер
1
Түндүк аскер группасы
И.В. Панфиловдун атындагы 8-мотоаткычтар дивизиясы, 3-Балыкчы тоо-аткычтар бригадасы, Танк полку, Эки пулемет-артиллериялык батальону, инженердик батальон, зениттик-ракета бригадасы, Скорпион 25-атайын дайындалган бригадасы, Камсыз кылуу аскер бөлүгү.
2
Түштүк-батыш аскер группасы
Ош мото аткычтар бригадасы, Ала-Бука бронетанкалык батальону, пулемет-артиллериялык батальону, 24-атайын дайындалган «Илбирс» бригадасы, Чалгындоо батальону, Бөлүктөрдү жана бирдиктерди камсыздоо, химиялык коргонуу бөлүгү.
3
Бүгүнкү күндө
Коргоо министрлигинде 12 миң, УКМКда 3000, Улуттук гвардияда 1,5 миң кызматкер, Ички иштер министрлигинин ички аскерлери 3600, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2 миң аскер кызмат өтөйт. Андан сырткары, республиканын ЖОЖдорунда Жогорку аскердик институту (кафедра), орто аскердик окуу жайынан кенже офицерлерди даярдап чыгарат.
4
Аба күчтөрү
Аралаш авиациялык полк, Тик учактуу бөлүк.
5
Артиллериялык бирдик
Зениттик-артиллериялык, бригадазениттик-артиллериялык полк.
6
Абадан коргонуу бөлүгү
С-125 эки дивизиону, С-75 төрт дивизиону С-60 дивизиону, ЗУ-23-2 зениттик орнотуу дивизиону бар.