Ош шаарынын "Ардактуу атуулу" наамын кимдер алышты? (тизме) - Т-медиа

Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын кимдер алышты? (тизме)

Ош шаардык Кеңеши бүгүн XXI сессиясында күн тартибине «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү маселеси коюлду.

«Ардактуу атуул» наамын алууга алгач 16 адамдын тизмеси кирген. Алардын ичинен ОшМУнун ректору Каныбек Исаков өз каалоосу менен бул наамдан баш тарткан.

Маселени чечүү үчүн комиссия түзүлүп, ага шаардык Кеңештеги 6 фракциядан бирден өкүл кирди. Бюллетенге 15 адамдын тизмеси катталып, депутаттар добуш беришти. Эсептөө комиссиянын жыйынтыгында талапкерлердин ичинен 12 си  өттү. Эреже боюнча 23 добушка жетпесе, ага наам берилбейт.  Төмөндө наам алышкан 12 жана өтпөй калган 3 адамдын аты-жөнүн жарыялайбыз.

Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын алгандар

1.Балтагул Нурунбетов- тарыхчы, КРнын Улуттар Ассамблеясынын Оштогу жетекчиси

2.Дарика Асилбекова-психолог, «Ак-жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси

3.Худайберди Азимов-Ош шаарынын тургуну

4. Алмазбек Алиев-жеке ишкер, МПА май куючу ишканасынын жетекчиси

5.Абдыманап Алдаяров- Ош шаарынын тургуну

6.Байыш Төлөнов- журналист, ЭлТР МТРКсынын кызматкери

7.Дөөлөтбек Көкөчоров -«Ош шаар сууканал» мекемесинин жетекчиси

8.Курсан Асанов-Ички иштер министринин орун басары

9.Мукамбек Алыкулов-Ош шаарынын мурунку мэри

10.Байболот Абытов-тарыхчы, Ош МЮИнин проректору

11.Гульсана Эсенбаева-Ош шаардык Кеңешинин депутаты

12.Болот Абилдаев-«Газпром Кыргызстан» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси

Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын албай калгандар

1.Маматибраим Бостонкулов-акын жана обончу

2.Салима Шарипова-акын жана журналист

3.Нурбүбү Жаманакова-юрист, Ош шаарынын тургуну

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо