Ош: борбордук базарда муниципалдык автотоктомолор иштей баштайт. Макулсузбу? - Т-медиа

Ош: борбордук базарда муниципалдык автотоктомолор иштей баштайт. Макулсузбу?

Ош шаарынын борбордук базарынын айланасында акы төлөнүүчү автотоктомолорду иштетүү маселеси каралууда. Бул тууралуу №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Сонунбек Жунусбаев TMG телеканалынын «Адил сөз» программасында берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, борбордук базардын айланасында муниципалдык автотоктомолорду иштетүүгө кайрадан уруксат берүү боюнча Ош мэриясына сунуш даярдалып жатат. Максаты — автотыгындары жоюу жана базардын айланасын иретке келтирүү.

«Биз борбордук базардын айланасындагы гана автотоктомолорго уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Антпесе базардын айланасы баш аламан болуп кетти. Эгер акы төлөнүүчү автотоктомолор иштеп баштаса иретке гана келбестен бюджетке да акча түшмөк»,-дейт Сонунбек Жунусбаев.

Демилге №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгына гана таандык эмес. Сунуш долбоорун «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасы да аталган аймактык башкармалыгы менен биргеликте даярдоодо.

«Эгер базардын айланасында акы төлөнүүчү автотоктомолор болгондо стоянканы иштеткендер тазалыкка да жооптуу болушмак. Азыр тазалык аябай начар болуп кетти. Ошондуктан кайрадан муниципалдык автотоктомолорго уруксат берүүнү сунуштап жатабыз«,-деди «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов.

Эскерте кетсек, Ош шаарындагы муниципалдык автотоктомолор шаардыктардын түрдүү нааразылыктарынан улам былтыр 4-октябрда жоюлган. Жалпы 26 муниципалдык автоктомо жылына шаар казынасына 2 миллион сом түшүрүп турган.

Борбордук базарда муниципалдык автотоктомолор кайрадан иштей башташына көз карашыңыз кандай? «T-Media Group» онлайн сурамжылоо жүргүзөт. Элдик сурамжылоого катышып, өз пикириңизди билдириңиз.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо