Өзгөндө 1 млн сомдук зер буюмдарын уурдоого шектелгендер кармалды - Т-медиа

Өзгөндө 1 млн сомдук зер буюмдарын уурдоого шектелгендер кармалды

Өзгөн районунда 1 млн сомдук алтын буюмдарды уурдоого шектелген 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-мартында М.Б аттуу Өзгөн шаарынын тургуну үйүнө белгисиз жарандар кирип, 380 000 сом накталай акчасын жана 1 миллион сомдук алтын зер буюмдарынын уурдалганы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө мурда ар кандай беренелер менен сот жобуна тартылган беш жаран кармалган. Алардын бири коңшу 59 жаштагы Өзбекстандын  жараны болгон. Калгандары 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу жана Өзгөн районунун 47 жана 43 жаштагы тургундары болгон.

Алардын  үйлөрүн тинтүү учурунда алтын зер буюмдар далил катары табылган.

Учурда бул факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кармалгандар учурда 2 айга камака алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо